19:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутаттар «Биринчи мугалим — Дүйшөн» эстелигин орнотууга уруксат берген жок

Депутаттар «Биринчи мугалим — Дүйшөн» эстелигин орнотууга уруксат берген жок. Бул тууралуу токтомдун долбоорун Жогорку Кеңеш пленардык жыйында четке какты.

Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, бул токтом парламентти уят кылып, өлкөдө жаман адаттын башталышына себеп болот.

«Анткени, мындай чечимди мэрия, жергиликтүү кеңештер кабыл алышы керек. Эгер биз азыр колдоп берсек, эртең Баткенден, анан Ысык-Көлдөн долбоорлор келип баштайт», — деп Дастан Бекешев, токтомду Бишкек шаардык кеңешке жолдону суранды.

Токтомдун демилгечилеринин билдирүүсүндө, Абдымомунов, Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынын каарманы Дүйшөндүн айкелин тургузуу менен мугалимдин аброюн көтөрүүнү көздөшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар