17:03
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Бүгүн Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо боюнча мыйзамды карап, 109 добуш менен кабыл алды. 9 депутат гана каршы добуш берди.

Долбоор боюнча өлкө башчысын шайлоо октябрдын үчүнчү жекшембисинде өтөт. Демек, 15-октябрда добуш берилет.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушкандан кийин, добуш берүү күнү катары 19-октябрь аталган. «Ата Мекен» партиясынын жактоочулары, Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү 1-декабрда аяктарын айтып, шайлоону 27-августта өткөрүүнү сунушташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар