07:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президентикке талапкерлер мамлекеттик тилден тест тапшырат

Президентикке талапкерлер мамлекеттик тилден тест тапшырат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, партиялар талапкерлерин көрсөтүүнү аяктагандан кийин, тил сынагынын күнү белгилүү болот.

Сынакты Билим берүү министрлигинин алдындагы «Кыргызтесттен» тапшырышат. 

«Ал арада талапкерлер кол топтоп, күрөө жана башка талаптарды аткара беришет» - деди ал. 

Эскерте кетсек, талапкерлерди каттоо 15-августка чейин жүрөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар