20:55
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Чоң-Алайдагы зилзаладан жабыр тарткандарга 13 миллион 600 миң сом топтолду

Чоң-Алайдагы зилзаладан жабыр тарткандарга 13 миллион 600 миң сом жардам топтолду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Калыс Ахматовдун маалыматында, өкмөттүн эсебинен 900 тонна жана гуманитардык жардам жаатынан 30 тонна цемент, дагы башка курулуш материалдары жеткирилген.

«ӨКМдин кампасынан 540 килограмм макарон, 600 килограмм кум шекер жана 800 килограмм өсүмдүк майы да алып барып бердик», — деди министрдин орун басары.

Эң көп окулган жаңылыктар