01:01
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ардагерге кымбат ресивер саткан соцкызматкер акчасынын бир бөлүгүн кайтарды

Ардагерге жогору баага ресивер сатып берген соцкызматкер акчасынын бир бөлүгүн кайтарып берди. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине «Ардагерлер 365» фондунан маалымдашты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аксакал тургунуна 3 миң сомго ресивер сатып келип, аны орноткону үчүн кошумча дагы 450 сом алышкан.

«Чындыгында 3 миң сомдук ресивер жок. Биз согуш ардагерлерине 610 сомго орнотуп жатабыз», — дешти фонддон.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Лариса Губина, ардагерге ресивердин акчасын кайтарып беришкендигин маалымдады. Бирок, 1,5 миң сомун гана кайтарышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар