Унаа токтоочу жай азырынча иштей элек.
Эскерте кетсек, долбоор Шопокок көчөсүнүн Москва көчөсүнөн тарта, Жибек жолуга чейинки тилкесинде жайгаштырылат. Жер Сергей Поповго ижарага берилген.
Унаа токтоочу жайда кароол болбойт. Андыктан, машина жана андагы буюмдардын коопсуздугуна эч ким жооп бербейт. Жекшемби жана майрам күндөрү унааны бекер токтотууга болот. Калган күндөрү 15 мүнөттөн ашык токтогон унаа акыны төлөйт.