07:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 95 миллион долларга өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы биринчи жолу үч ай ичинде 95 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Каржы министрилиги маалымдайт.

Мекеменин маалыматында, 31-мартка карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 160 миллион доллар, же 285 миллиард 461 миллион 89 миң сомго жетти.

Мында тышкы карыз — 3 миллиард 803,97 миллион доллар (260 миллиард 978 миллион 59 миң сом), ал эми ички карыз- 356 миллиард, 86 миллион долларды (24 миллиард 483,30 миллион сом) түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар