Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы А. С. Пушкин атындагы сейил бакты реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөрү маалымдалды. Реконструкциянын алкагында административдик имарат жана амфитеатр курулуп, сегиз заманбап аттракцион, анын ичинде айланма дөңгөлөк жана америкалык «горкалар» орнотулду, каскаддуу жана кургак фонтандар, балдар оюн аянтчасы жана скейт аянтчасы курулду.
Ошондой эле президентке Каракол шаарында ишке ашырылып жаткан бир катар инфраструктуралык долбоорлор тааныштырылды. Алардын катарына жылуулук электр борборунун курулушу, шаардагы 22 чакырым жолду капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, жарыктандыруу жана суу агызуу системаларын куруу, шаардык тарых музейин капиталдык реконструкциялоо жана реставрациялоо, эл аралык талаптарга жооп берген залдары бар көп функционалдуу спорт комплексин куруу, ошондой эле Т. Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатынын окуу имаратын оңдоо жана кошумча корпусун куруу кирет.
Мамлекет башчысына Конгресс-холлдун курулушунун башкы планы да сунушталды. Долбоордо жалпы аянты 14,8 миң чарчы метрден ашкан заманбап комплексти курууну каралган. Анда маданий-оюн-зоок жана административдик-ишкердик аймактар бириктирилет.
Сейил бактын реконструкциялоонун жүрүшү жана сунушталган долбоорлор менен таанышкандан кийин президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүнүн, заманбап коомдук жайларды жана социалдык-маданий багыттагы объектилерди түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

