Футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатында 1/8 финалда ойной турган алгачкы жуп аныкталды.
Бүгүн Марокко курама командасы Нидерландыны утуп алып (1:1, пенальти боюнча — 3:2), 1/8 финалда турнирдин кожоюндарынын бири — Канада курамасы менен кездешмей болду. Оюн 4 -июлда АКШнын Хьюстон шаарында өтөт.
Эске салсак, дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Турнир 19-июлда аяктайт. Учурдагы чемпион — Аргентина курама командасы.
Ошондой эле 1/8 финалдын дагы эки катышуучусу белгилүү болду. Алар — Бразилия жана Парагвай.

