Фото Архивден алынды. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда эл аралык турнирде алтын медаль утту
Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык TYR Pro Series турниринде алтын медаль утту.
Брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүүдө ал катышкан 46 спортчунун ичинен эң мыктысы болду.
Алдын ала сүзүүлөрдө Денис Петрашов 2 мүнөт 13,67 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, финалга чыккан.
Чечүүчү этапта ал 2 мүнөт 9,16 секунддук көрсөткүч менен маарага ишенимдүү түрдө биринчи келип, алтын медалды жеңип алды.

