Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев улуттук курама команданын футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы тарыхый беттешине байланыштуу бүгүн, 18-июнда жумуш күнүнүн башталышын жылдырууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Чечимге ылайык, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар ишин саат 10:00дө башташат. Мындай чара өлкө жарандары Өзбекстандын курама командасынын дүйнөлүк биринчиликтеги дебюттук беттешин көрө алышы үчүн кабыл алынган.
Өзбекстан жана Колумбия курама командаларынын ортосундагы беттеш Ташкент убактысы боюнча саат 07: 00дө башталат, бул Бишкек убактысы боюнча саат 08: 00гө туура келет.
Шерзод Асадовдун айтымында, президент дагы оюнду үйүндө үй-бүлөсү жана неберелери менен бирге көрүүнү көздөп жатат.
Өзбекстандын курама командасы өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо алды. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча команда K тайпасына түшүп, анда анын атаандаштары Португалия, Колумбия жана Конго курама командалары болду. Плей-оффко тайпанын эң мыкты эки командасы чыгат.

