08:43
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Дүйнө чемпионаты −2026: Суперкомпьютер жаңы фаворитин атады

Opta суперкомпьютери тайпалык этаптын биринчи турундагы оюндардан кийин футбол боюнча 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында жеңишке жетүүгө негизги талапкерлердин рейтингин жаңылады.

Турнирдин башкы фаворити катары эми Франция курама командасы эсептелүүдө. Сенегалды 3:1 эсебинде ишенимдүү жеңгенден кийин «үч түстүүлөрдүн» чемпиондукту багындыруу мүмкүнчүлүгү 16,1 пайыз деп бааланууда.

Экинчи сапка дүйнөнүн азыркы чемпиону Аргентина көтөрүлдү. Түштүк америкалыктар титулун коргоону Алжирди 3:0 эсебинде жеңүү менен башташты. Беттештин башкы каарманы — хет-трик жасаган «Алтын топтун» сегиз жолку ээси Лионель Месси болду. Аргентиналыктардын жеңишке жетүү ыктымалдуулугу 12,6 пайызды түзөт.

Турнирдин ТОП-10 фаворити

Opta суперкомпьютеринин жаңыланган версиясы боюнча, чемпиондукка башкы талапкерлердин ондугу төмөнкүдөй:

  • Франция — 16,1 пайыз;
  • Аргентина — 12,6 пайыз;
  • Испания — 12,5 пайыз;
  • Англия — 10,2 пайыз;
  • Португалия — 7,2 пайыз;
  • Германия — 6,5 пайыз;
  • Бразилия — 5 пайыз;
  • Норвегия — 4,7 пайыз;
  • Нидерланды — 3,3 пайыз;
  • АКШ — 2,78 пайыз.

Эске сала кетсек, 2026-жылдагы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексиканын аймагында өтүп жатат. Турнир 11-июнда башталып, финалдык беттеш 19-июлда болот.

Эң көп окулган жаңылыктар