Мэриядан билдиришкендей, 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу өчүрүлөт:
Темир жол линиясынан — Раззаков көчөсү — Бөкөнбаев көчөсү — Панфилов көчөсү — Фрунзе көчөсү — Гоголь көчөсү — Жумабек көчөсү — Сүйүмбаев көчөсү — Осмонкулов көчөсү — Аламүдүн суусуна чейинки аймак.
Көк-Жар суу топтомосунан — М. Горький көчөсүнөн төмөн жагы — Л. Толстой көчөсүнө чейин — Матросов көчөсүнүн батыш тарабы — 7-Апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы.
М. Горький көчөсүнөн — 7-Апрель көчөсү — Улан-2 кичи району — Аламүдүн суусу — Суванбердиев көчөсү — Шүкүров көчөсү — Скрябин көчөсү — Бектенов көчөсүнө чейинки аймак.
Суу Көк-Жар суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

