09:16
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Дүйнө чемпионаты −2026: Эң күчтүү футболчулар аталды. Тизме

The Athletic басылмасынын эксперттери 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына катыша турган эң күчтүү футболчулардын рейтингин түзүштү. Тизмени түзүүдө оюнчулардын жеке чеберчилиги гана эмес, алардын учурдагы формасы, физикалык даярдыгы, ошондой эле турнир учурунда негизги курамда талаага үзгүлтүксүз чыгуу мүмкүнчүлүгү да эске алынган.

Рейтингге 50 футболчу кирди. Тизменин жогорку саптарынан Франция, Англия, Испания жана Португалия курама командаларынын өкүлдөрү орун алышты.

Турнирдин эң мыкты оюнчусу деп Франция курамасынын жана «ПСЖнын» чабуулчусу Усман Дембеле табылды. Алдыңкы үчтүккө ошондой эле Харри Кейн (Англия) жана Ламин Ямаль (Испания) киришти.

Эң мыкты 25 оюнчунун тизмеси:

  1. Усман Дембеле Франция
  2. Харри Кейн Англия
  3. Ламин Ямаль Испания
  4. Майкл Олисе Франция
  5. Витинья Португалия
  6. Килиан Мбаппе Франция
  7. Габриэл Магальяйнс Бразилия
  8. Педри Испания
  9. Ашраф Хакими Марокко
  10. Бруну Фернандеш Португалия
  11. Луис Диас Колумбия
  12. Деклан Райс Англия
  13. Эрлинг Холанд Норвегия14
  14. Нуну Мендеш Португалия
  15. Винисиус Жуниор Бразилия
  16. Йозуа Киммих Германия
  17. Вильям Салиба Франция
  18. Уильям Пачо Эквадор
  19. Джуд Беллингем Англия
  20. Федерико Вальверде Уругвай
  21. Рафинья Бразилия
  22. Джонатан Та Германия
  23. Тибо Куртуа Бельгия
  24. Дайо Упамекано Франция
  25. Лионель Месси Аргентина

Лионель Месси дүйнөнүн азыркы чемпиону жана футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири деген статусуна карабастан, болгону 25-орунду ээледи.Ал эми Криштиану Роналду рейтингде 50-орунга жайгашты. The Athletic эксперттеринин пикири боюнча, анын чоң тажрыйбасына карабастан, оюнчунун учурдагы формасы тизмедеги башка катышуучуларга салыштырмалуу төмөн деп бааланган.

Эң көп окулган жаңылыктар