09:53
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бүгүн Кыргыз драма театры «Төлгө» спектакли менен театралдык сезонун жабат

Бүгүн, 17-июнда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 99-театралдык сезонун жабат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр сезонун драматург Жалил Садыковдун «Төлгө» спектакли менен жыйынтыктайт.

Спектакль көрүүчүлөргө адам тагдыры, руханий баалуулуктар жана жашоонун маңызы тууралуу терең ой калтырган чыгарма катары сунушталат.

Театрдын көркөм жетекчиси — КР эмгек сиңирген артисти Албина Имашова, директору — КР эл артисти Асылбек Өзүбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар