10:13
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

Бүгүн, 16-июнда саат 10:00дөн 13:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактарда суу болбойт:

  • Ала-Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспекти — Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспекти;
  • Дэн Сяопин проспекти — Ала-Арча суусу — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Пишпек көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.

Суу «Батыш-2» суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар