USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Казакстанда АКШнын өкмөттүк сайты бөгөттөлдү

09:42, 04 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Казакстанда АКШнын Соода министрлигине караштуу Өнөр жай жана коопсуздук бюросунун сайты бөгөттөлдү. Бул тууралуу бир катар казак басылмалары жазды.

Интернет-ресурстардын ачыктыгын текшерген Маданият жана маалымат министрлигинин сайтында https://www.bis.doc.gov дарегиндеги сайт «жалган маалымат таратканы үчүн» бөгөттөлгөнү жазылган. Бирок анда сайт «кандай маалымат таратканы» так көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин айрым казак ЖМКлары жогорудагы сайттын бөгөттөлүшүнө «Казакстан Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатканы» тууралуу маалыматтын жарыяланганы себеп болгонун жазышкан.

Бирок Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги бул билдирүүнү четке какты.

«Мекеме дайыма маалыматтык чөйрөгө көз салып, фишинг интернет-ресурстарды аныктап келет. Быйыл апрелдин аягында 21 фишинг ресурска, анын ичинде bis.doc.gov сайтына тиешелүү чечим ишке ашырылары жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден эгер бул боюнча кошумча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мыйзам бузуу аныкталбаса, анда сайтка киргизилген чектөөлөр кайра алынарын кошумчалашты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика