13:21
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Жаракат алган орусиялык аял 4 миң метрден ашык бийиктеги мөңгүдөн эвакуацияланды

Ысык-Көл облусунда куткаруучулар тоодогу мөңгүдө жаракат алган Россиянын жаранын эвакуациялашты.

ӨКМден билдиришкендей, 6-июлда өзгөчө кырдаалдар кызматтарына Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак капчыгайынын жогору жагында, 4 миң 100 метр бийиктиктеги мөңгүдө Орусиянын 33 жаштагы жараны бутунан жаракат алып, өз алдынча түшө албай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркаган аялга биринчи жардам көрсөтүп, аны мөңгүдөн эвакуациялап, Караколдогу Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткиришкен.

Куткаруу иштерине ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн үч кызматкери тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар