12:42
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кенешбеков Эл аралык турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кенешбеков Казакстандагы турнирде эки алтын медаль жеңип алды. Ал Шымкент шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Qosanov Memorial эл аралык турнирине катышкан.

Алгач биздин спортчу 1 миң 500 метр аралыкка чуркоодо мелдештин жаңы рекордун коюп, мыкты аталды.

Андан соң 5 миң метрлик аралыкта финишке биринчилерден болуп ишенимдүү келип, алтын медаль утту.

ЖМКдан
Фото ЖМКдан. Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кенешбеков Эл аралык турнирде эки алтын медаль утту

Бул аралыкта экинчи орунду дагы бир кыргызстандык — Жусуп Сулайман уулу ээледи.

Эң көп окулган жаңылыктар