12:42
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Мектепке каттоо. Биринчи класстарда 73 миң бош орун калууда

Кыргызстанда 120 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.

Бишкекте 23,3 миңден ашык бала окууга кабыл алынды. Алардын ичинен 12,3 миң орун кыргыз тилинде окуткан класстарга, ал эми 11 миңге жакыны орус тилдүү класстарга туура келет. Борбор калаада дагы 3,1 миң бош орун бар.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына каралган квоталардын жалпы саны 193,3 миңди түзөт. Учурда дагы 73,2 миң орун бош.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап кичи райондор (жашаган дареги) боюнча жүргүзүлсө, учурда катталган дарегине карабастан, бош орундар калган мектептерге катталууга болот.

Биринчи класска 2019- жана 2020-жылдары туулган балдар кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар