Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Президент Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат. Ошондой эле маданий иш-чараларга катышуу мерчемделген.

