12:51
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.23

Чемпиондор лигасы: «ПСЖ» «Арсеналды» утуп, катарынан экинчи жолу жеңүүчү болду

Франциялык «Пари Сен-Жермен» футболдук клубу англиялык «Арсеналды» жеңип, Чемпиондор лигасынын чемпиону деген титулун коргоп калды. Будапешттеги «Пушкаш Арена» стадионунда өткөн финалдын негизги жана кошумча убактысы 1:1 эсебинде аяктап, кубоктун тагдырын пенальти сериясы чечти. Анда франциялыктар 4:3 эсебинде жеңишке жетишти.

«Пари Сен-Жермен» — Европанын эң абройлуу клубдук мелдешинин азыркы чемпиону. Өткөн жылы алар финалда италиялык «Интерди» 5:0 эсебинде талкалап, бул титулду өз тарыхында биринчи жолу багындырган.

Бул жолу «Арсенал» менен болгон беттеш ПСЖ үчүн алда канча оор болду — негизги жана кошумча убакытта курч күрөш жүрдү.

«Пари Сен-Жермен» XXI кылымда Чемпиондор лигасын катарынан эки сезон бою утуп алган экинчи команда болуп калды. Буга чейин мындай ийгиликке 2016—2018-жылдары трофейди катары менен үч жолу багындырган мадриддик «Реал» гана жетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар