08:54
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.23

Кыргызстандык балбандар Монголияда рейтингдик мелдешке катышат

3—8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттук күрөш боюнча «Open Ulaanbaatar» эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат.

Эл аралык рейтингдик турнирде дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген балбандар күч сынашат.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:

60 кг чейин — Акыл Сулайманов;

63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков;

72 кг чейин — Амантур Исмаилов;

72 кг чейин — Жантөрө Мырзалиев;

72 кг чейин — Аманат Самат уулу;

77 кг чейин — Бекзат Орункул уулу;

82 кг чейин — Имур Темирбеков;

87 кг чейин — Азат Салидинов.

Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев;

Башкы машыктыруучу — Улук Карачолоков.

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:

61 кг чейин — Өмүрбек Асан уулу;

70 кг чейин — Аден Сакыбаев;

70 кг чейин — Рустам Кахаров;

79 кг чейин — Бекзат Рахимов;

86 кг чейин — Малик Шаваев.

Улук машыктыруучу — Догдурбек уулу Эламан.

Эң көп окулган жаңылыктар