08:58
USD 87.45
EUR 101.95
RUB 1.23

Ош мэри Акжол Махмудовго 100 миң сом, анын машыктыруучусуна 50 миң сом тапшырды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Акжол Махмудовду жана анын жеке устаты — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы балбанды жогорку спорттук жетишкендиктери менен куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Акжол Махмудов көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын туусун бийик желбиретүү үчүн мындан ары да болгон күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.

Жолугушуунун соңунда мэр спортчуга 100 миң сомдук акчалай сертификат тапшырды. Ал эми анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 50 миң сомдук сертификат берилди. Мындан сырткары, Жанарбек Акаев жакынкы айларда Ош шаарында Акжол Махмудовдун катышуусунда ири спорттук иш-чараны өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар