12:51
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.23

«Түндүк -Түштүк» альтернативдик жолунда унаа кыймылы убактылуу ачылды

1-июндан тарта «Түндүк -Түштүк» альтернативдик автожолу унаалардын кыймылы үчүн кайрадан ачылды. Бул тууралуу тармактык кызматтардан билдиришти.

Бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды. Жолдогу кыймылга 2026-жылдын ноябрь айына чейин убактылуу уруксат берилет.

Ошол эле учурда, айдоочуларга жолдун айрым тилкелеринде таш кулоо коркунучу дагы деле сакталып жатканы эскертилет. Автоунаа ээлеринен ылдамдык режимин сактоо жана кооптуу болушу мүмкүн болгон тилкелерден өтүүдө өзгөчө этият болуу суранат.

Эске салсак, ноябрь айынан тарта жол кыймыл үчүн кайрадан жабылат. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында чектөөлөр кышкы мезгилде күчүндө болот. Каттамды унаалар үчүн кайрадан 2027-жылдын май айында ачуу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар