20:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте каракчылыкка шектүү делген 5 жаран кармалды

Бишкектин Свердлов райондук ИИБсы каракчылыкка шектүү делген 5 жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде РИИБга Пакистандын жараны арыз менен кайрылган. Ал Абдрахманов менен Линейная көчөсүнүн кесилишинен белгисиз бирөөлөр бычак менен коркутуп 3 миң 400 сомун, саатын жана телефонун алып кетишкен жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

«Ушундай эле каракчылык менен кол салууну шектүүлөр 29-апрелде да жасашкан. Жибек Жолу проспектиси менен Керимов көчөсүнүн кесилишинен алар күч колдонуп жабырлануучунун телефонун тартып алышкан. Шектүү катары 5 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума