01:31
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Өзбекстандык инвесторлор Ноокенде 31 миллион долларга текстиль фабрикасын курат

Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев фабриканы кура турган инвесторлор менен жолукту.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы Art Soft Holding жана SASSA GROUP өзбек компаниялары менен үч тараптуу келишимге кол койду.

Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
Фото Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Келишимге ылайык фабриканын курулушу ушул жылдын декабрь айында башталып, 2024-жылдын аягында бүтөт. Имараттын курулушу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер бөлүндү. Долбоордун жалпы суммасы 31 миллион долларды түзүп, миңден ашуун жумуш орундарын ачуу пландалууда.

Текстиль фабрикадасында пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүү үчүн шарттар түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар