Аламүдүн райондук сотуна жаңы имарат куруп беришет. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, сынакты Сот департаменти жарыялады. Бул максат үчүн 91 миллион 848 миң 625 сом сарптоо пландалууда.
Жаңы имарат Лебединовка айылында курулат. Курулуш иштери келишимге кол коюлгандан кийин сегиз айдын ичинде бүтүшү керек.