14:18
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Ош облусунун Кеңеш айылында 60 орундуу бала бакча курулат

Ош облусунун Кеңеш айылында 60 орундуу бала бакча курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуштун алдындагы турак жай-жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы сынак жарыялады. Бул үчүн 46 миллион 402 миң 750 сом сарптоо пландалууда.

Белгиленгендей, курулуш иштери 2024-жылдын аягына чейин аткарылышы керек (келишимге кол коюуда макулдашуу боюнча).

Эң көп окулган жаңылыктар
14-май, шейшемби