Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты. Иш-чара мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Ош шаарында төмөнкү долбоорлор башталды:
- 1200 окуучуга ылайыкталган Салижан Жигитов атындагы № 2 мектептин (мурунку аталышы — Карл Маркс) жаңы имаратынын курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;
- С. Алымкулов атындагы № 33 орто мектеби үчүн 312 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектептин имараты 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
- Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагында 750 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 7 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
- М. В. Ломоносов атындагы № 3 орто мектебинин эски имаратын бузуу менен жаңы имараттын курулушу. Мектеп 4 блоктон турат, 4 кабаттуу жана жертөлөсү бар;
- Ак-Буура конушунда 800 окуучуга ылайыкталган жалпы билим берүүчү мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
- Ош шаарысынын Ишкаван айылында 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
- Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
- Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу. Мектеп 5 блоктон турат жана 4 кабаттуу;
- Эне-Сай жаңы конушунда 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу. Мектеп 2 блоктон турат жана 3 кабаттуу;
- Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкармалыгынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу. Мектеп 6 блоктон турат жана 2 кабаттуу.

