10:44
USD 87.45
EUR 102.07
RUB 1.12

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Президент Садыр Жапаровдун аймактагы калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык маанилүү объектилерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышуусу пландаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар