22:36
USD 87.45
EUR 102.07
RUB 1.12

Азия чемпионаты: Нурзат Нуртаева коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандын балбан кызы Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыга алган жок. Ал жарым финалда кытайлык спортчу Цзя Лунга 1:11 эсебинде жеңилип калды.

Балбан кыздар 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты.

Кыргызстандык балбан мелдешти 1/4 финалдан баштап, анда түштүк кореялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген эле. Эми Нурзат коло медаль үчүн Монголиянын өкүлү Одгерел Эрдене Очир менен күрөшөт.

Беттеш эртең, 10-апрелде өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар