16:08
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.11

ЖК депутаты Кара-Балта шаарына абаны тазалоочу билдиргичтерди орнотууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Кара-Балта шаарына абаны тазалоочу билдиргичтерди орнотууну суранууда. Бул тууралуу Бактыбек Чойбеков парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кара-Балта шаарынын тургундары ага булганган аба көйгөйүн чечүүгө жардам сурап кат жазышкан.

«Мындай аба менен дем алуу ден соолукка көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат. Мен шайлоо учурунда «40-жыл» конушунда

20 күн жашадым жана жергиликтүү тургундардын дем алып жаткан коркунучтуу абасына күбө болдум. Алар абаны тазалоочу билдиргичтерди орнотууну суранып жатышат», — деп кошумчалады Бактыбек Чойбеков.

Ал ошондой эле Жайыл районуна мурда лазердик абаны тазалоочу билдиргичтерди орнотулганын белгиледи.

«Бирок, алардын экөөсү иштебей калды. Мен Жаратылыш ресурстары министрлигинин жообун уккум келет», — деди депутат.

Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алмаз Мусаев анын суроосуна жооп бере алган жок кийинчерээк жооп берем деп убада берди.

Эң көп окулган жаңылыктар