Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов алтын медаль утту.
Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Афтандил Таалайбек уулу 63 кг салмак ченинде күч сынашып, ирандык атаандашы Жарканини 7:2 эсебинде утуп алды.
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов ирандык Али Забихолла Оскуну жеңип, төртүнчү жолу Азия чемпиону болду.
Буга чейин Махмудов 2018, 2022, 2023-жылы Азия чемпиондугун багындырган. Ошондой эле ал 2 жолку дүйнө чемпиону болгон.
Үчүнчү алтын! Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңип алды.
Ал 87 кг салмак категориясында күч сынашып, бардык атаандаштарын ишенимдүү жеңди. Чейрек финалда түркмөнстандык балбанды 10:0 эсебинде 30 секундда утса, жарым финалда казакстандык спортчуну 8:0 эсебинде жеңди.
Финалда Жанышов ирандык Голамреза Фарокхисенжани менен беттешип, жеңишке жетип, Азия чемпиону аталды.

