Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты эң күчтүү спортчуларынын башын бириктирип, 12-апрелге чейин «Жаштык Арена» спорт комплексинде өтүп жатат.
Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин экинчи күнү килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгып, 60, 67, 72, 82 жана 97 кг салмак чендеринде күч сынашат.
Бул күнү Кыргызстандын курама командасынын атынан төмөнкү балбандар күч сынашат:
- 60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
- 67 кг чейин — Раззак Бейшекеев;
- 72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
- 82 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу;
- 97 кг чейин — Мелис Айтбеков.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.

