Кыргызстандык балбандар Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыгышты. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.
Афтандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) Эрфан Жаркани менен, Акжол Махмудов (77 кг чейин) Али Забихоллах Оску менен, ал эми Асан Жанышов Голамреза Фарохисенжани менен (баары Ирандан) беттешет.
Роман Ким жеңиш менен баштап, бирок чейрек финалда финалга чыккан ирандык балбанга утулуп калды. Кыргызстандык коло медаль үчүн күрөшкө мүмкүнчүлүк алды.
Медаль үчүн беттештер 7-апрелде өтөт.

