Кыргызстандагы Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун кеңейтүү иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жерге асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү. Ошол эле учурда электр жана байланыш линияларын жылдыруу, электр берүү линияларынын тирөөчтөрүн орнотуу жана тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, тротуарлар, суу өткөргүчтөр жана сугат арык системалары курулууда. Чоң Чүй каналынын үстүнөн өткөн көпүрө да реконструкцияланууда.
Транспорт министрлиги 3,85 чакырымдык бөлүгү ушул жылдын август айында бүткөрүлүшү пландалганын белгиледи.

