13:14
USD 87.45
EUR 100.79
RUB 1.09

1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталды

Кыргызстанда балдарды мектепке электрондук каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрель саат 10:00дөн 3-апрелге чейинки аралыкта «Мектеп» (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска дээрлик 28 908 бала катталган.

Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек шаары — 6211,
  • Ош облусу — 5341,
  • Жалал-Абад облусу — 4715,
  • Чүй облусу — 3409,
  • Баткен облусу — 3134,
  • Ысык-Көл облусу — 2414,
  • Нарын облусу — 1386,
  • Ош шаары — 1007,
  • Талас облусу — 964.

Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып өлкө аймагында балдарды мектепке электрондук каттоо башталган. Биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Эң көп окулган жаңылыктар