15:25
USD 87.45
EUR 100.28
RUB 1.08

Euronews — Кыргызстандын дүйнөгө ачылган терезеси болушу мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Euronews маалымат телеканалынын президенти Педро Варгас Дэвид менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматтык контентти эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинети
Фото Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы Euronews телеканалынын дүйнөлүк аудитория үчүн объективдүү жана тең салмактуу күн тартибин түзүп, дүйнөдөгү алдыңкы маалымат булактарынын бири катары өзгөчө маанисин белгиледи.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстан динамикалык өнүгүүнү башынан кечирип жатат. Өлкө аймактагы позициясын бекемдөөгө жана эл аралык коомчулук менен ачык, конструктивдүү диалог курууга умтулууда.

Кыргыз тарап өлкөдөгү негизги процесстерди, анын ичинде ШКУнун жыйынын жана 2026-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сыяктуу маанилүү эл аралык окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга кызыкдар экенин билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, 2026-жыл өлкө үчүн маанилүү жыл — Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 35 жыл толот. Бул тарыхый дата эгемендикти орнотуу жана улуттук өзгөчөлүктү өнүктүрүү жолун билдирет.

Өз кезегинде телеканалдын президенти Педро Варгас Давид жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгиледи. Ал узак мөөнөттүү кызматташууга абдан кызыкдар экенин билдирип, канал Кыргызстандын жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга көрсөтүү үчүн глобалдык аянтча болууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.

Эң көп окулган жаңылыктар