12:19
USD 87.45
EUR 100.53
RUB 1.07

Улуттук банкы жыл башынан бери валюта рыногуна бешинчи жолу интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна дагы бир жолу интервенция жүргүздү. Бул 2026-жылдын башынан берки бешинчи интервенция болуп саналат.

Жалпысынан жөнгө салуучу орган 178,9 миллион доллар саткан, анын ичинен 95,9 миллион доллары келишим түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми дагы 83 миллион доллары башка күнү эсептешүү менен сатылган.

Доллар 87,45 сом курсу менен сатылган.

Улуттук банк валюта курсун турукташтыруу жана валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү азайтуу үчүн интервенцияларды колдонуп жатат. Анын акыркы валюта сатуусу сомго басымдын уланып жатканын жана чет элдик валютага болгон суроо-талаптын күчтүү экенин көрсөтүп турат.

Жыл башынан бери 725,45 миллион доллар сатылды.

Эң көп окулган жаңылыктар