АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү Пакистандын борбору Исламабадда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар Египет, Түркия жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлери менен консультациялардан кийинки басма сөз жыйынында билдирди.
Түркиянын ЖМКларынын маалыматына караганда Исхак Дар Пакистан тараптардын ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөр үчүн платформа катары кызмат кылууга даяр экенин билдирди. «Пакистан жакынкы күндөрү учурдагы чыр-чатакты ар тараптуу жана узак мөөнөттүү чечүү үчүн эки тараптын ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жана аларга көмөктөшүүгө сыймыктанат», — деп белгилеген.
Ал Иран, АКШ да Пакистандын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнө ишеним билдиришкенин баса белгиледи.
Дар телефон аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы менен сүйлөшкөнүн айтып, ал дагы Пакистандын тынчтык демилгесин толук колдой турганын айткан. «Мен ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кесиптештерим менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөштүм, алардын баары биздин аракеттерибизге толук ишенип, колдоо көрсөтүштү», — деп жыйынтыктады министр.

