10:32
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.07

Бүгүн Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы башталат

Кыргызстанда 30-марттан 3-апрелге чейин «Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт. Бул иш — чара өлкөнүн бардык аймактарын өзүнө камтып, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга басым жасалмакчы. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле эл аралык жана коомдук институттар менен биргеликте өткөрүлөт. Анын алкагында, коммерциялык банктарга экскурсиялар, билим берүүчү лекциялар, интерактивдүү жолугушуулар, сынактар жана башка тематикалык иш-чаралар уюштурулат.

Global Money Week — бул дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө өткөрүлүп келген жыл сайынкы эл аралык демилге болуп, балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.

Эң көп окулган жаңылыктар