17:35
USD 87.45
EUR 101.08
RUB 1.07

«Манас» эл аралык аэропортуна кирүүчү жаңы жол салынат

Фото «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын басма сөз кызматы

«Манас» эл аралык аэропорту ыңгайлуу жана уюшкандыкта жетүүнү камсыз кылып, жол кирени автоматташтырылган түрдө чогултуу системасын ишке ашырууга мүмкүндүк берген жаңы кирүүчү жолду курууну пландаштырууда.

Долбоорду ишке ашыруу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин жумушчу жолугушуусунда талкууланды. Тараптар долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу, ошондой эле аэропорт аймагындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин карап чыгышты.

Жаңы трасса Бишкек — «Манас» аэропорту магистралдык жолунун түштүк тарабынан өтөт. Долбоорго ылайык, жолдун узундугу болжол менен 1,6 км түзөт.

Мраморное айылына бурулуш болгон жерде жаңы жолго ыңгайлуу кирүү үчүн айланма (кольцевой) кыймыл уюштурулат.

Кирүүчү жол башында эки тилкеден туруп, кийин автоматтык төлөм шлагбаумдары жайгашкан аймакта сегиз тилкеге чейин кеңейет. Андан соң кайра эки тилкеге кыскарып, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайга чейин уланат.

Чыгуу жолу унаа токтотуучу комплекстен башталат. Ал да эки тилкелүү болуп, төлөм аймагына жакындаганда алты тилкеге чейин кеңейтилет. Андан кийин транспорт агымы айланма жол аркылуу Бишкек шаары тарапка багытталат.

Кирүүчү жана чыгуу жолдорунун ортосунда жашылдандыруу каралган. Ал эми азыркы колдонулуп жаткан жол «Манас-2» аэровокзал комплексине кирүү жана расмий делегациялар менен өкмөттүк кортеждерди тейлөө үчүн гана пайдаланылат.

Эң көп окулган жаңылыктар