13:07
USD 87.45
EUR 101.08
RUB 1.07

1-апрелден тарта бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 1-апрелден тартып президенттик компенсациялык төлөм киргизилип, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык тармактагы кызматкерлерге 15 миң сомго чейин кошумча берилет.

Ал эми техникалык жана тейлөөчү кызматкерлерге 5 миң сом каралган.

Ошондой эле, 1-сентябрдан тартып айрым мамлекеттик кызматкерлердин маянасына кошумча үстөктөр 50%га чейин көбөйтүлөт.

Министрлер кабинетине бул чечимди ишке ашыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар