Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушуп, Кыргызстандын авиакомпанияларын ЕБнын авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселесин талкуулады.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Питер Соренсендин сапары өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин баса белгиледи.
«Биз Европа биримдиги менен өз ара аракеттенүүнү артыкчылыктуу багыт катары карайбыз жана европалык институттардын авиациялык коопсуздук маселелерине болгон профессионалдык мамилесин жогору баалайбыз», — деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.
«Жүргүнчүлөрдүн агымы 2021-жылы 3,9 миллион адамдан 2025-жылы 6 миллиондон ашык адамга чейин көбөйдү, рейстердин саны 34 миңден 52 миңге чейин көбөйдү (өсүш 53%), өлкөнүн бардык 11 аэропортунун иши калыбына келтирилип, модернизацияланды. Узак аралыкка каттамдарды баштоо боюнча пландарыбыз иш жүзүнө ашты. Менчикке Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак алынды, ал эми 2030-жылга чейин лизинг шартында дагы 10 аба кемесин жеткирүү пландалууда», — деп билдирди минкаб башчысы.
Ошондой эле ал реформалардын системалуулугу эл аралык аудиттин маалыматтары менен тастыкталып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ИКАОнун линиясы боюнча Кыргызстанда стандарттарды натыйжалуу киргизүү деңгээли 85,76%га жетти.
Питер Соренсен Кыргызстандын авиация тармагындагы ийгиликтерине жогору баа берди. Ал мыйзам чыгаруу жаатында жана ченемдик базаны өркүндөтүүдө жасалган олуттуу кадамдарды кубаттап, европалык тараптын бул мөөнөттө жетишилген натыйжаларга таасирленгенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын өкмөтү тарабынан авиация тармагын колдоо деңгээли чындап эле таасирдүү.
Еврокомиссиянын өкүлү учурдагы сапар баалоонун ачык процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат жана акыркы чечим 2026-жылдын май айында ЕБнын тиешелүү комитетинин жыйынында кабыл алынарын кошумчалады.

