Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан ири инфраструктуралык долбоор Барскоон-Бедел автожолунун курулушу уланууда. Долбоор боюнча изилдөө иштери аяктап, акыркы этабы башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорлоо иштери дээрлик аяктап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан керектүү техникаларды жеткирүү, бетон заводун куруу жана жумушчуларды мобилизациялоо иштери аткарылды.
Белгилей кетсек, Барскоон—Бедел автожолунун жалпы узундугу болжол менен 150 км түзөт. Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Барскоон айылын Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен чек арасындагы Бедел өткөрмө пункту менен байланыштырат.
Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө (анын ичинде 2 даана эстакадалык кɵпүрɵ) жана коргоочу инженердик курулмалар куруу каралган. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

