13:35
USD 87.45
EUR 101.37
RUB 1.07

Кыргыз элинин тарыхы 15 томдук китепте жазылат. Эмгектин долбоору бекитилди

Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору бекитилди. Мындай чечим Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.

Жыйынга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев төрагалык кылды. Кеңешменин жүрүшүндө улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Жыйында Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук фундаменталдык эмгектин долбоору талкууланып, жыйынтыгында аталган эмгектин структурасы жана мазмундук багыттары бекитилип, автордук жамааттын курамы аныкталды. Ошондой эле кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.

Кеңешменин алкагында маданий мурастарды даңазалоо жана коомчулукка жеткирүү маселелери да өзгөчө көңүл борборунда болду. Бишкек шаарынын аймагында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар