Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кыргыз жаранына багуучусун жоготкондугуна байланыштуу социалдык жөлөкпул алууга жардам берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын ыйгарым укуктуу органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада 2026-жылдын 10-мартында Россиянын Социалдык фонду тарабынан ага 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөндү.
Ошондой эле каза болгон жарандын жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.

