10:03
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.04

Стамбул шаарында Кыргыз кино күндөрү башталат

24-26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Atlas кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз кинематографиясын эл аралык деңгээлде таанытуу, эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү жана түрк көрүүчүлөрүн кыргыз кино өнөрүнүн заманбап жетишкендиктери менен тааныштыруу болуп саналат.

Кино күндөрүнүн программасына төмөнкү тасмалар кирген:

  • режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары» тасмасы;
  • режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын» тасмасы;
  • режиссёр Руслан Акундун «Бейиш 2» аттуу жаңы эмгеги.

Бул тасмаларда кыргыз коомунун турмушу, адам тагдыры, улуттук баалуулуктар жана заманбап социалдык маселелер көркөм чагылдырылган. Бул иш-чара эл аралык аудиторияга кыргыз киносунун өзгөчө стилин жана мазмунун ачып берет.

Эң көп окулган жаңылыктар