13:31
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Мамлекеттик «Дан» ишканасы модернизациядан өтүүдө

Мамлекеттик «Дан» ишканасы өкмөттүн колдоосу менен ишин кайра баштап, модернизациядан өтүп жатат. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ишкана өкмөттүн колдоосу менен модернизациядан өтүүдө. 2025-жылдын декабрында кесме өндүрүшү ишке киргизилген. Ал эми 2026-жылдын экинчи чейрегинде суткасына 150 тонна кубаттуулуктагы тегирменди жаңылоо пландалууда.

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти ишканага барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөтүү, жабдуулар менен камсыз кылуу жана лаборатория ачуу маселелери көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, 1975-жылы негизделген ишкана бүгүн 125 адамды жумуш менен камсыздап, кайра иштетүү тармагына салым кошуп келет. Бул иштер өндүрүштү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар